08.06.2019 13:44

Митингде кабыл алынган резолюция: «Сооронбай Жээнбековду мөөнөтүнөн мурда отставкага кетирүү маселесин коебуз»

Митингде кабыл алынган резолюция: «Сооронбай Жээнбековду мөөнөтүнөн мурда отставкага кетирүү маселесин коебуз»

Бүгүн, 8-июнда «Медиа-форум» имаратынын алдында «Коррупция менен реалдуу күрөш үчүн» тынч митинги болуп өттү.  Иш-чарага Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев КСДП мүчөлөрү, башка саясий партиялардын, коомдук кыймылдардын, бейөкмөт уюмдардын лидерлери жана өлкө келечегине кайдыгер карабаган жарандар катышты.   

Митингде мурунку өкмөт башчы Сапар Исаковдун, экс-мэрлер Албек Ибраимов, Кубанычбек Кулматовдун жактоочулары чыгып сүйлөп, алардын эч күнөөсү жок камакта отурганын билдиришти.

Иш-чаранын жыйынтыгы менен  резолюция кабыл алынды. Анда «Эгерде жакынкы айларда өлкө президенти жана анын айлана чөйрөсү Кыргызстандын элинин жана кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тагдыры үчүн коркунучтуу саясый оюндарды токтотпосо, биз Сооронбай Жээнбековду мөөнөтүнөн мурда отставкага кетирүү жана мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү жөнүндө маселе коюуга аргасызбыз»- деп айтылат. 

Толук текстин келтиребиз: 

Жарандардын «Коррупция менен реалдуу күрөш үчүн»

тынч чогулушунун

РЕЗОЛЮЦИЯСЫ

 

8 июнь, 2019-жыл.                                    Бишкек шаары.

 

Биз, ар кайсы саясый жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү болуп эсептелген Кыргыз Республикасынын жарандары, 2019-жылдын 8-июнунда тынч чогулуш өткөрдүк жана төмөнкү Резолюцияны кабыл алдык:

  1. Биз,  Кыргыз Республикасынын жарандары, төмөнкүлөрдү  БЕЛГИЛЕЙБИЗ:

1. Сооронбай Жээнбеков коррупция менен күрөшүү ураанын ачыктан ачык саясый куугунтуктоолорду жана анын режимине жакпаган адамдардан өч алууну жаап-жашыруу үчүн пайдаланууда.

2. Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн укук системасын деградацияланууга, бүткүл күч түзүмдөрүн кесипкөй сүздүккө жана криминалдашууга алып бара жаткан кырдаалдын түзүлүшүнө жеке жоопкерчилик тартат.

3. Сооронбай Жээнбековкүч түзүмдөрүнүн мамлекеттик чечимдерди кабыл алуу системасын, жалпысынан алганда, мамлекеттик башкарууну шал абалга кептей турган ойлонулбаган иш-аракеттерин иш жүзүндө колдоого алууда.

Бийлик ачык соттон коркот. Укук коргоо органдары бизнестин «үрөйүн учуруп», саясый режимдин атаандаштарына ойдон чыгарылган айыптоолорду тагышууда, жарандык коомду алдашууда. Жадагалса, прогрессивдүү жаңычылдык эсептелген «тергөө менен келишим» эптеп «жакпаган»  адамдарга каршы көрсөтмө алуу үчүн пайдаланылууда. Кылмыш иштеринин алкагындагы экспертизалар мыйзамды орой бузуу менен дайындалып, жүргүзүлүүдө жана анын кесепети катары күнөөнүн «далилдери» соттордо быт-чыт болууда, мунун баарын ачык процесстердин катышуучулары көрүп турушат. Соттор иш жүзүндө жабык режимде өтүүдө. 

Убада кылынган реформаларды жүргүзүүнүн жана өнүктүрүү программаларын реализациялоонун ордуна, «коррупция менен күрөшүү» деген куру ураандын астында бийликти айрым топтордун, үй-бүлөлөрдүн жана кландардын колуна эптеп топтоо аракети жүрүүдө.

Матраимовдордун кланы туурасындагы акыркы маалыматтар элдин кыжырын өзгөчө кайнатууда. Коомдук кыжырданууну тоготпоо жана жарандык коом менен кызматташтыктын жоктугу өлкөнү бат эле кризиске кептеши мүмкүн.

Бирок эң башкысы, бийликтин мындай иш-аракеттери коомдук турмуштун бүйрүн кызытып, туруктуулукка доо кетирүүдө, Кыргызстандын элинин биримдигине олуттуу зыян келтирүү менен эл ичиндеги нараазылык маанайдын жогорулоосуна себепкер болууда. Бизди өлкөнүн өнүгүүсүнүн кыйла басаңдап, инвестициялык активдүүлүктүн кескин төмөндөп кеткени, ишкерлердин арасындагы көңүл чөгөргөн маанай, Баткен областында дайыма кайталанып турчу чек ара чыр-чатактары, Орок айылындагы акыркы окуялар тынчсыздандырбай койбойт.

  1. Биз, Кыргыз Республикасынын жарандары, төмөнкүлөрдү ТАЛАП КЫЛАБЫЗ:

1. Президент Сооронбай Жээнбековкоррупция менен күрөшүп жаткандай түр көрсөтүүнүн маскаралык практикасын токтотуп, укук коргоо органдарын укуктук талаага кайтаруу, президенттин чөйрөсүндөгү адамдар тарабынан сотторго жана укук коргоо органдарына кысым көрсөтүү, коопсуздук чөйрөсүн криминалдашуудан арылтуу боюнча иштиктүү чараларды көрүүгө тийиш.

2. Президент Сооронбай Жээнбекованын режимине жакпаган саясатчыларды жана коомдук ишмерлерди саясый куугунтукка алууну токтотууга тийиш. Саясый туткундар бошотулууга тийиш.

3. Өлкөнүн мамлекеттик органдары Кыргыз Республикасынын Конституциясын урматтоого жана өнөкөткө айланган Кыргызстандын бүткүл аймагында жарандардын тынч чогулуштарга болгон конституциялык укуктарын чектөө практикасын токтотууга тийиш.

4. Президент Сооронбай Жээнбеков жана башка мамлекеттик органдар Кыргызстандын элин бузуп-жарууну токтотуп, күч-аракеттерин түздөн түз конституциялык милдеттерин аткарууга багыттоосу керек. Элдин ынтымагын бекемдөө, Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү, реалдуу инвестицияларды тартуу, жарандардын жыргалчылыгын жогорулатуу маселелери менен алектенүүгө тийиш.

5. УКМК жана ИИМ саясый аңдуулар менен алектенгенди токтотууга тийиш. Коррупцияга каршы кызматты УКМКнын курамынан чыгаруу зарылдыгы бышып жетилди. Атайын кызматтардын күч –аракети алардын түздөн түз милдеттерине: контрчалгындоого, террорчулук жана экстремизм менен күрөшүүгө багытталууга тийиш. Ал эми ички иштер органдары коомдук тартипти камсыз кылуу жаатындагы өзүлөрүнүн түздөн түз милдеттерин аткаруу менен алектенүүсү керек.

 

III. Биз, Кыргыз Республикасынын жарандары, төмөнкүлөрдү ЭСКЕРТЕБИЗ:

Эгерде жакынкы айларда өлкө президенти жана анын айлана чөйрөсү Кыргызстандын элинин жана кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тагдыры үчүн коркунучтуу саясый оюндарды токтотпосо, биз Сооронбай Жээнбековду мөөнөтүнөн мурда отставкага кетирүү жана мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү жөнүндө маселе коюуга аргасызбыз.