08.06.2018 12:17

Сооронбай Жээнбековдун Кытайга сапарынын жыйынтыктары

Президент Сооронбай Жээнбековдун Пекинге сапарында Кыргызстан менен Кытайдын элчиликтерине жер тилкелерин бөлүп берүү боюнча келишимге кол коюлган жок. Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин пикиринде, ички макулдашуу иштери аяктабагандыктан документти бекитүү кийинкиге калтырылды.

Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков буга чейин өлкө башчынын Кытайга болгон мамлекеттик сапарында он чакты келишимге кол коюлаарын айткан болчу. Анын ичинде кошуна өлкөнүн элчилигине Кыргызстандан 3 гектар жерди убактылуу берүү, ошондой эле Пекин шаарында биздин мамлекеттин өкүлчүлүгунө 25 сотых жерди ижаралоо тууралуу документтер да бар болчу.

Ал эми мамлекеттик сапардын алкагында дагы кандай маселелер каралып, тагдыры оң чечилген расмий кагаздар тууралуу кийинки материалда.