20.03.2019 13:48

Сот Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовдун ишин кароону кийинкиге жылдырды

Сот Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовдун ишин кароону  кийинкиге жылдырды

Бишкектин Ленин райондук соту Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовдун ишин кароону 27-мартка жылдырды. Бул туурасында April.kg кабарчысы Айгөкүл Дайырбек кызы билдирди.

Соттук отурум мурункудай эле тар залда өтүп, айыпталуучулардын тарапташтары, ЖМК өкүлдөрүнүн айрымдары батпай калышты.

Буга чейин жактоочу Кулматов менен Ибраимовдун жактоочусу Сергей Слесарев сотко ага козголгон кылмыш ишинен улам ишенбөөчүлүк көрсөткөн. Судья кеңешүүчү бөлмөдөн келгенден кийин ишти өткөрүп берүүдөн баш тартты. Ошондой эле, айыпталуучулар иштин 50 томдон турган материалдары менен тааныша электиги айкын болду. Мындан улам, процесс 27-мартка жылдырылды.