28.02.2019 13:43

Сот Алмазбек Атамбаев жана «Апрель» телеканалына каршы доо арыз боюнча чечим чыгарды

Сот Алмазбек Атамбаев жана «Апрель» телеканалына каршы доо арыз боюнча чечим чыгарды

Бишкектин Октябрь райондук сотунда үч саясатчынын экс-президент Алмазбек Атамбаев жана «Апрель» телеканалына каршы берген доо арызын кароо жыйынтыкталды. 

Доогер Акматбек Келдибеков, Кеңешбек Дүйшөбаев жана Азимбек Бекназаровдордун ою боюнча экс-Президент «Апрель» телеканалынын эфири аркылуу алардын кадыр-баркына оңбогондой доо кетирди. 

Ал эми, Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Кантемир Турдалиев, экс-президент 2018-жылдын 10-декабрындагы маегинде айткан сөздөрүндө доогер тараптын дарегине карата жалаа, же фактыларды бурмалоо болбогонун билдирди. Демек, алардын кадыр-баркына эч кандай доо кеткен жок. 

Отурумдун акырында судья Альбина Жээнбекова чыгарган чечимге ылайык, экс-президент Алмазбек Атамбаев доогер тараптын ар бирине 100 миң сомдон төлөп берүүгө милдеттендирилди.

Ал эми, «Апрель» телеканалынан материалдык доо алынды. Бирок, эфирде төгүндөө берип, 4 миң 200 сом өлчөмүндөгү соттук чыгымды төлөөгө милдеттендирилди. 

КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева партия соттун аныктамасы колго тийгенден кийин гана жогорку инстанцияга кайрылуу, же кайрылбоо маселесин чече турганын билдирди.