15.10.2019 16:42

Сот Алмазбек Атамбаевди үй камагына чыгаруудан баш тартты

  Алмазбек Атамбаевдин иши (32 материалов)
Сот Алмазбек Атамбаевди үй камагына чыгаруудан баш тартты

Биринчи Май райондук сотунда мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча кылмыш иштин алгачкы угуулары өтүүдө.  

Процесстин жүрүшүндө мурунку президенттин жактоочусу Сергей Слесарев Атамбаевдин бөгөт коюу чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен кайрылды. 

«Мен Алмазбек Атамбаевди үй камагына чыгарууну сурандым, анткени ал СИЗОдо отурбашы керек. Судья Эмил Кайыпов өтүнүчүмдү канааттандыруудан баш тартты. Биз ошондой эле мурунку президентке карата ачылган кылмыш ишин токтотууну, ошондой эле иштин кээ бир материалдарын ачыктоону өтүнгөнү жатабыз», — деди Сергей Слесарев.

Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз чыгарылышы боюнча ачылган кылмыш иште 19 адам фигурант катары өтүп жатат. Алардын арасында экс-президент Алмазбек Атамбаев дагы бар.