27.09.2019 15:14

Сот Атамбаевдин тарапташтарынын камакта отуруу мөөнөтүн узартууну карайт

Сот Атамбаевдин тарапташтарынын камакта отуруу мөөнөтүн узартууну карайт

Бүгүн, 27-сентябрда Биринчи Май райондук соту тергөөчүнүн Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарынын камакта отуруу мөөнөтүн узартуу өтүнүчүн карайт. Бул тууралуу КСДП төрайымынын орун басары Кундуз Жолдубаева билдирди. 

«Бүгүн Фарид Ниязов, Амантур Жамгырчиев, Кыяс Смаилов жана Алга Кылычевдердин баш коргоо чарасынын мөөнөтүн узартуу тууралуу тергөөчүнүн өтүнүчү каралат. Отурумдун так убактысы азырынча белгисиз, болжолдуу түрдө 17:00 чамаларында башталат», -деп жазды Жолдубаева.

Эскерте кетсек, 7-8 август күндөрдө Кой-Ташта орун алган окуялардан кийин Алмазбек Атамбаевдин бир катар тарапташтары 8-октябрга чейин камалган. Аларга «жоокерлерди барымтага алуу» фактысы менен ачылган иш боюнча айып тагып жатышат.