24.05.2019 20:05

Сот Дамир Мусакеевди беш жылга эркинен ажыратуу чечимин кабыл алды

Сот Дамир Мусакеевди беш жылга эркинен ажыратуу чечимин кабыл алды

Мамлекеттик күзөт кызматынын мурунку башчысы Дамир Мусакеев 5 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу анын жактоочусу Темирлан Кожоакматов билдирди.

Бүгүн, 24-майда Свердлов райондук сотунда Мусакеевге карата «кызматтык батирлерди мыйзамсыз бөлүштүргөн» деген айып менен ачылган кылмыш иши каралды. Анын жыйынтыгы менен сот Дамир Мусакеевди 5 жылга эркинен ажыратып, 70 миң сом айып салды. Мамлекеттик күзөт кызматынын мурунку башчысын  сот залынан дароо эле СИЗО-1ге алып кетери маалым болду.

Учурда КСДПнын элүүгө жакын мүчөлөрү соттун алдында турушат.  Алар адилетсиз чечимге нааразылыктарын билдиришүүдө. Айтымдарында, мунун баары бийлик тарабынан Алмазбек Атамбаевге жетүү үчүн жасалууда. 

Эскерте кетсек, Дамир Мусакеевди УКМКнын 9-кызматынын башчысы болуп турганда, кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, УКМКнын балансындагы кызматтык батирлерди мыйзамсыз бөлүштүргөн деп айыпташкан. Мусакеев өзү батирлерди атайын комиссия бөлүштүргөнүн, анын эч тиешеси болбогонун билдирген.