Сот экс-мэрлердин иши боюнча жактоочунун эки өтүнүчүн четке какты

Сот экс-мэрлердин иши боюнча жактоочунун эки өтүнүчүн четке какты

Бүгүн, 21-июнда Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча соттук отурум өтүп жатат.

Отурумдун жүрүшүндө жактоочу Сергей Слесарев Ибраимовдун мэрлик ишмердүүлүгүндөгү  эпизод боюнча ишти өзүнчө бөлүп кароону өтүндү. Анын айтымында, бул соттук өндүруштү жеңилдетет.

Ошондой эле,  «Дастан»  ишканасы боюнча кылмыш ишти токтотууну өтүндү. Анын айтымында, кылмыш  иште мүлктү уурдоо жана коротуу тууралуу айтылат. Слесарев эч кандай уурдоо  болбогонун белгиледи.  

«Акционердик коом тарабынан сатылып алынган мүлк, анын бир бөлүгү «Дастан»  ишканасынын кампасында турат, демек коротуу жолу менен уурдоо болгон эмес. Ошол себептен, «Дастан»  ишканасы  боюнча кылмыш ишин токтотууну өтүнөм», - деп суранды Слесарев

Кеңешүү бөлмөсүнө чыгып келген сот  эки өтүнүчтү тең четке какты.