20.08.2019 21:14

Сот экс-президенттин жактоочуларынын доо арызын канааттандырган жок

  Алмазбек Атамбаевдин иши (32 материалов)
Сот экс-президенттин жактоочуларынын доо арызын канааттандырган жок

Бүгүн, 20-августта Биринчи Май райсотунда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочуларынын экс-президентти кармоону мыйзамсыз деп таануу боюнча доо арызы каралды. 

Ага судья Абдуразак Боромбаев төрагалык кылды. Отурум ачык өтүп, бирок сүрөткө жана видеого тартууга тыюу салынды. Соттук процесске экс-президент алынып келинген жок. Муну судья Кылмыш кодекси боюнча Атамбаевди катыштырбай туруп, отурум өткөрө берсе болоору менен түшүндүрдү. 

Процесстин жүрушүндө жактоочулар экс-президентти УКМКга алып келүү Кыргыз Республикасынын бардык мыйзамдарын бузуу менен жасалганын белгилешти. 

«Спецназ экс-президенттин менчиги болуп саналган үйгө кирип келди. Кармап кетүүнүн өзү мыйзамсыз мүнөздө жүрдү. Ал күбө макамын алып жүргөн. Ошондуктан, аны кармап кетпеш керек болчу. Алгач Атамбаевге күбөнү мажбурлап алып келүү тууралуу токтом көрсөтүлүшү керек эле», - деген жактоочулар  соттон күч түзүмдөрүнүн Атамбаевди кармап кетүү ишин мыйзамсыз деп табууну өтүнүштү. 

Ал эми прокурор болсо, Алмазбек Атамбаев суракка чакырууларды эч себепсиз тоотпой койгонун, бул учурда ИИМдин өтүнүчү менен УКМКнын мажбурлап алып келүүсүнө мыйзам уруксат берерин айтып, соттон Атамбаевдин кармалуусун мыйзамдуу деп таанып берүүнү өтүндү.

Кеңешүүчү бөлмөдөн келген сот Атамбаевдин жактоочуларынын доо арыздарын четке какты.