19.02.2019 16:39

Сот Хашым Зайналиевдин дарыгерлик менен алектенүүсүнө тыюу салды

Сот Хашым Зайналиевдин дарыгерлик менен алектенүүсүнө тыюу салды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Хашым Зайналиевдин ишмердүүлүгүн мыйзамсыз деп таап, ага табыптык менен алектенүүгө тыюу салды. Бул туурасында КР Башкы прокуратурасынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, соттун бул чечими күчүнө киргенден кийин Хашым Зайналиевдин мыйзамсыз ишмердиги токтотулат.  Прокуратуранын анын жеке медициналык практика менен алектенүүсүнө жана лицензиядан өтпөгөн дары-дармектерди иш жүзүндө колдонуусуна тыюу салууну сураган өтүнүчүн Октябрь райондук соту канааттандырды. 

Эскерте кетсек, февраль айынын башында Октябрь райондук прокуратурасы ага козголгон кылмыш иштерин эсепке алуу менен, лицензиясы жок иштеп жаткан Хашым Зайналиевдин ишмердүүлүгүн мыйзамсыз деп табууну өтүнүп, сотко кайрылган.