09.10.2019 23:40

Сот КСДП төрайымы Асель Кодуранованы үй камагына калтырды

Сот КСДП төрайымы Асель Кодуранованы үй камагына калтырды

Бүгүн, 9-октябрда Биринчи Май райондук сотунда КСДП төрайымы Асель Кодуранованын баш коргоо чарасы каралды. Анда соттун чечими менен эл өкүлү үй камагына алынды.

Эскерте кетсек, бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Асель Кодуранова алты саатка жакын суракта болду. Анын жүрүшүндө Башкы прокуратура ИИМдин Башкы тергөө кызматына эл өкүлүн «күбө» макамынан «шектүү» макамына которгону тууралуу билдирме жөнөткөнү маалымдалды. Тергөө депутатты  «Кылмышты уюштуруу» жана «Барымтага алуу» беренелери менен ачылган кылмыш ишине шектеп жатат.

Асель Кодуранованын жактоочусу Канат Хасанов «Апрель» телеканалынын кабарчыларына жактоочулар да, мамлекеттик айыптоочулар да соттон КСДП төрайымына баш коргоо чарасы катары үй камагын аныктоону суранганын билдирди.

Кеңешүүчү бөлмөдөн келген сот Асель Кодуранованы 9-декабрга чейин үй камагында калтырды. Андан сырткары, депутат өлкөдөн чыкпоого милдеттендирилди.  Эл өкүлү өзү журналисттерге мындан да башкача чечим чыгаарын күткөнүн жашырган жок.

«Мен мындан дагы башкача чечим чыгат деп ойлогом. Менин жактоочумдун суранычы менен үй камагына чыгарылдым. Жогорку Кеңештин депутаты болгондуктан менин милдеттерим бар. Мындан улам өлкөдөн чыкпоого кол койдум. Ошондой эле чектөөлөр болду, бирок кандай чектөөлөр экенин айта албайм», - деди Кодуранова.