26.03.2019 16:46

Сот залынан качкан кылмышкерлер (видеотизме)

Сот залынан качкан кылмышкерлер (видеотизме)

Аламүдүн районду сотунан адам өлүмүнө шектелген жаран качты деп 24.KG агенттиги жазып чыкпаса, эч ким деле билбей калмак. Изин суутуп кеткен жаран боюнча коментарий берген укук коргоо органдары менен Фемида өкүлдөрүнүн маалыматтары дал келбей жатат. Чүй облустук сотунун билдирүүсү болсо, уккан адамдын жылмайуусун жаратат. Алар айыпталуучу качып эмес, жөн эле үйүнө кетип калганын айтып жатышат.

April.kg дагы башка сот залынан кылмышкерлер качкан окуяларды эстеп көрдү.