19.11.2018 23:42

Соттук реформа парламенттик башкаруу системасына өтүүдөн кийин ишке ашат

Соттук реформа парламенттик башкаруу системасына өтүүдөн кийин ишке ашат

Конституцияга дал келген, толук кандуу парламенттик республика болмоюн, соттук реформаны ишке ашыруу жүзөгө ашпайт, деди КР экс-президенти Алмазбек Атамбаев «Апрель» телеканалына берген маегинде.

Айтымында, учурдагы конституциянын кемчилиги анын ортону кармап жазылып калышында. Анын пикиринде, өнүккөн Европалык өлкөлөрүндөгүдөй, парламент менен өкмөт президентке каршы салмак боло алгандай толук кандуу парламенттик республика куруу шарт.

«Андай болмоюнча, биз эч качан толук кандуу сот бийлигине жетише албайбыз. Анткени, сот бийлиги, качан гана президент менен анын аппараты бардыгын басмырлап турбай, өкмөт менен парламент биригип, министрлер болсо депутат-көпчүлүк коалициянын мүчөлөрү болуп, президентке каршы тура алгандай болгондо соттук реформа ишке ашат. Муну, өзгөчө, Конституциянын реформасына каршы чыгып, азыр мени соттордун реформасын ишке ашырбаганымды сындагандар түшүнсө жакшы болор эле. Буга алар да күнөөлүү. Бирок, алар үстүртөн карайт, процесстердин түпкүрүн ойлонбойт», - деп белгиледи КР экс-президенти.