17.09.2019 10:07

«Справедливая Россия» Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктады

«Справедливая Россия»  Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктады

«Справедливая Россия» партиясы КР экс-президенти Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктады.

«Биз Сиздин Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосунда стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө, биздин элдердин ортосундагы достукту жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөгө кошкон чоң жеке салымыңызди жакшы билебиз жана баалайбыз», - деп айтылат куттуктоодо.

«Справедливая Россия» партиясынан белгилешкендей, алардын партиясы менен Кыргызстан Социал-демократтар партиясынын ортосунда өз ара сый, ишеним жана түшүнүшүүгө негизделген конструктивдүү кызматташуу ийгиликтүү өнүгүп келет.

«Биз орус жана кыргыз социал-демократтарына эки өлкөнүн жарандарынын кызыкчылыгы үчүн эркиндик, акыйкаттык жана тилектештик принциптерин биргеликте коргоого эч кандай кыйынчылык тоскоолдук жарата албайт деп ишенебиз», - деп айтылат куттуктоодо.

Партиядан Алмазбек Атамбаевге чың ден-соолук, түгөнбөс энергия жана акыйкаттыкка бекем ишеним каалашты.