18.09.2018 09:23

Түндө чыккан өрттөн «Супаранын» 6 боз үйү күйүп кетти

Түндө чыккан өрттөн «Супаранын» 6 боз үйү күйүп кетти

Чүй облусундагы Көк-Жар айылында жайгашкан «Супара» этнокомплексинен түндө өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Көк-Жар айылынын Карагул-Акмат көчөсүндө жайгашкан «Супара» этнокомплекси күйүп жатканы тууралуу маалымат түнкү саат 02:05 түшкөн. 6 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылган. Мындан сырткары ИИМнен кызматкерлери, РЭТ кызматынан 1 бригада жана тез жардам кызматынан 1 бригада жиберилген. Чыккан өрт саат 03:24 чектөөгө алынып, 06:46да толук өчүрүлгөн. 

Өрттөн жалпы аянты 1000 м2 (жаңы курулуп жаткан имараты жана 6 боз үй) күйгөн.  Өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда. Жабыркагандар жок.


видео Мирлан Муратовдуку