22.01.2019 18:04

Сургут – Москва каттамында бараткан учакты басып алган жүргүнчүнүн акыл-эси жайында болбошу мүмкүн

Сургут – Москва каттамында бараткан учакты басып алган жүргүнчүнүн акыл-эси жайында болбошу мүмкүн

Сургут – Москва каттамынын жүргүнчүсү учуу маалында учакты Афганистанды карай бурууну талап кылды. Бул тууралуу өз булактарына таянып, «Интерфакс» жазып чыкты. 

Маалыматка караганда, учакты басып алган 41 жаштагы Орусия жараны психикалык жактан оорулуу болушу мүмкүн. Буга чейин ал киши мас абалында жасаган тартип бузуулары үчүн бир нече ирет кармалган. 

Flight Radar сервиси билдиргендей, «Боинга 737» лайнеринин бортунда штаттан сырткары кырдаал жаралды. Учурда учак Ханты-Мансийский шаарынын аба майданына конду. 

«Аэрофлот» окуя боюнча расмий комментарий берүүдөн баш тартты.