04.11.2019 16:19

Суу кечип качтыбы? Жогорку Сот кайра камоо чечимин чыгарган Алмаматов табылбай жатат

Суу кечип качтыбы? Жогорку Сот кайра камоо чечимин чыгарган Алмаматов табылбай жатат

Милиция коррупциялык схема түзгөн деп айыпталган Насирбек Алмаматовду кайдан издерин билбей, таппай жатышат. Бул туурасында «Азаттык» жазып чыкты.

Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн мурдагы башчысы Насирбек Алмаматов Жогорку сот чыгарган чечимге ылайык, кайра абакка камалышы керек болчу. Аны камакка алуу максатында жашаган дарегине барган кызматкерлер ордунан таппагандыктан, ага издөө жарыяланып, кармоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнөн кабарлашты.

Жогорку соттун 30-октябрдагы токтому менен Насирбек Алмаматовго карата Бишкек шаардык соту 2019-жылдын 9-июлунда чыгарган өкүмү жокко чыгарылып, Октябрь райондук сотунун 25-мартта жарыялаган өкүмү күчүндө калган.

Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн мурдагы башчысы Насирбек Алмаматов 2018-жылдын 2-ноябрында кармалган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет ал автоунааларды каттоо жана кайра каттоо иштеринде, айдоочулук күбөлүк берүүдө коррупциялык схема түзгөн деп айыпталганын билдирип, буга далил катары атайын видеотасманы да жарыялаган.

Райондук сот Алмаматовду 12,5 жылга эркинен ажыраткан. Бирок Бишкек шаардык соту ал өкүмдү жокко чыгарып, 3 миллион 300 миң айып пул салуу менен Алмаматовду эркиндикке коё берген. Кийинчерээк Октябрь райондук прокуратурасы Алмаматовго карата Бишкек шаардык соттун чечиминин үстүнөн кассациялык арыз менен кайрылган.