24.10.2018 18:25

Суусамырдагы жол кырсыгынан каза тапкандардын бири алтын өндүргөн ишкананын кызматкери болгон

Суусамырдагы  жол кырсыгынан каза тапкандардын бири алтын өндүргөн ишкананын кызматкери болгон

Бишкек-Ош унаа жолунун Суусамыр жайлоосундагы тилкесинде болгон унаа кырсыктан каза болгондордун бири Таласта алтын чайкаган ишкананын өкүлү болгон. Бул туурасында Turmush басылмасы өз булактарына таянып жазып чыкты.

ӨКМ бүгүн, 24-октябрга караган түнү саат 02:40 чамасында Бишкек–Ош унаа жолунун 165-чакырымында, тактап айтканда Жайыл районундагы Суусамыр жайлоосунун аймагында жол-транспорт кырсыгынан 2 адам каза болгондугун кабарлаган.

Басылманын маалыматына караганда, кырсыктын кесепетинен алтын чайкаган ишкананын директорунун орун басары Н.Ш. (1980-жылы туулган) жана анын тууганы Э.А. каза болгон. Алар «Тойота Ленд Крузер» үлгүсүндөгү унаа менен бара жатып кырсыкка кабылышкан. Экөөнүн тең сөөгү Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы өлүк сактоочу жайга жеткирилген.