02.07.2019 11:16

Суусамырга баратып дайынсыз жоголуп кеткен бир үй-бүлө изделүүдө

Суусамырга баратып дайынсыз жоголуп кеткен бир үй-бүлө изделүүдө

Суусамырга баратып дайынсыз жоголуп кеткен бир үй-бүлө изделүүдө. Алардын жакындары издөө иштерине жардам берүүнү өтүнүп,  коомчулукка кайрылышты.

«Жаңы эле сатылып алынган ак түстөгү, 01KG013 мамлекеттик номериндеги «Ниссан Террано» унаасы менен кетишкен. Ичинде 4 чоң киши жана бир жаш кичине бала бар эле. Акыркы жолу бизге Жумгал районуна жеткенде байланышка чыгышкан боюнча дайын жок», -деп айтылат билдирүүдө.

Бул учурда ӨКМ 30-июнь күнү саат 10:00 чамасында Жайыл районунун аймагында Көкөмерен суусуна унаа түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөнүн билдирди.

«Кандай үлгүдөгү унаа экенин азырынча билбейбиз. Ичиндеги адамдар тууралуу да так маалыматыбыз жок, аны ИИМ тактап жатат. Бүгүн издөө иштери улантылып, жалпы 93 куткаруучу тартылган. Мындан сырткары туугандары тарабынан 20 адам издөө иштерине жардам берүүдө. Кошумча маалымат беребиз», -дешти министрликтен. 

Ошол эле учурда жоголгондор өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси Молдакун Абдылдаевдин үй-бүлөсү экени тууралуу маалыматтар тарап жатат. Муну Чүй облустук администрациядан тастыкташып, факт боюнча штаб түзүлгөнүн билдиришти. 

Мекеменин билдиришинче, М.Абдылдаев Суусамыр өрөөнүнө бараткан жолдо дайынсыз жоголгон. Жерине өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Элкинбек Ашыралиев кеткени айтылат. 

30-июндан бери  Чүй жана Нарын облусунун күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери издөө иштерине тартылып, аларга жергиликтүү тургундар жардамдашууда.