25.09.2018 17:16

Сузак районунда өрт өчүрүүчүлөр 1,5 сааттан бери тилсиз жоо менен алышып жатышат

Сузак районунда өрт өчүрүүчүлөр 1,5 сааттан бери тилсиз жоо менен алышып жатышат

Сузак районунда турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 25-сентябрда саат 15:30да өрт өчүрүүчүлөргө Жалал-Абад облусунун Сузак районунда алдын ала алынган маалымат боюнча, Чөкө-Дөбө айылында жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 15:30да КР ӨКМнин Жалал-Абад шаардык №20 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 2 бөлүм, саат 15:43тө КР ӨКМнин Сузак райондук №65 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм жана саат 15:48де КР ӨКМнин Жалал-Абад шаардык №20 аскерлештирилген өрткө каршы-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм, жалпы 4 бөлүм тартылган.

Учурда өрттү өчүрүү иштери улантылууда.