28.11.2018 10:56

Сузакта аялдарды сойкулук кылууга мажбурлашкан. Алар кандай шартта жашашканын айтып беришти(видео)

Сузакта аялдарды сойкулук кылууга мажбурлашкан. Алар кандай шартта жашашканын айтып беришти(видео)

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда кыз-келиндерди кыйнап иштеткен сойкукана табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ШИИБден билдиришти. 

Маалыматта ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө криминалдык милиция кызматкерлерине Сузак районунда сойку кыздарды иштеткен жай тууралуу белгилүү болгону айтылат. Аларды мейманкана ээси кыйнап, уруп-согуп иштеткен.

26-ноябрь күнү аталган жайга тинтүү жүргүзүлүп, натыйжада интим кызматын көрсөтүп жүргөн кыздар табылып, аларды иштеткен аялдын өздүгү аныкталды.  Кыздардын милицияга сойкуканадагы турмушу тууралуу айтып берген видеосу Жалал-Абал ОИИБинин YouTube каналына жүктөлдү.

Видеодо өзбек тилинде сүйлөп жаткан кыздын айтымында, анын сойкулуктан баш тартканына карабай алып калышкан. «Мени чоң-чоң кардарларга салып берип коюшат. Бир жолу сабалып, жыныстык органдарым катуу жабыркаганда дагы ооруканага алып барышкан жок. Жадакалса иште деп кайра кыйнашты. Азыр жатыным ооруйт. Телефон колдонсок дагы катуу уруп салышат», — деди ал.

Экинчи аялдын сөзүнө караганда, ал ушул жерде иштеп жүрүп эки балалуу болгон.  «2009-жылдан бери иштейм. Мурда жолдун жээгинде иштечүбүз. Анан батир алып, ал жактан чыгарбай иштетип калды. Кийин боюмда болуп, иштей албай калганда кожойке аябай кыйначу. Эртең менен саат 4:00тө туруп, ачка боюнча муздук сууга кир чайкайм. Же тынч чай иче албайсың. Чай иче калайын деп отурсаң, балаң менен нандын баарын түгөттүң деп депкир менен сабачу.  Аябай кордойт. Жүрөккө, өпкөгө катуу-катуу муштап, өлтүрүп салам деп коркутчу. Ошентип башымды жарды, денемде соо жерим калган эмес. Ошого карабай күндүз кечке иштеп, түнү менен кардар тейлемей», — дейт экинчи видеонун каарманы.

Үчүнчү кызды кожойкеси кардарларга даттанасың деп бутуна бычак сайып, бир көзүн азиз кылып койгону айтылат. «Жалал-Абаддан келгем. Бир такси токтоп, эмнеге турганымды сурады. Адашып кеткенимди айтсам, бир иш бар деп, ушул жерге алып келди. Зоя деген аял менен тааныштырып, өзү кетип калды. Көрсө, бул жакта денелерин сатып иштешет экен. Менин каршы болгонумду угушкан жок. Сыртка чыгарбайт, уктап калсам урат. Кардарларга даттанбагыла, милицияларга айтып коет деп да урушат. Ошентип, ура берип, бир көзүм көрбөй калды. Жазында бутума бычак сайып, майып кылып койду», — дейт ал.

Жабыр тарткан кыздар менен учурда психологдор иштеп, Жалал-Абад шаарындагы калыбына келтирүү борборуна жеткизишти.

Ал эми аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 261-беренеси (Сойкулук жасоо үчүн жайларды уюштуруу же күтүү) менен кылмыш иши козголду.