29.10.2018 09:43

Сузакта кара курсактын айынан таксистти бычактаган киши кармалды

Сузакта кара курсактын айынан таксистти бычактаган киши кармалды

Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунда таксистти бычактап кеткен киши кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя Жалал-Абад шаарындагы Ленин көчөсүндө 11-октябрга караган түнү саат 21:00 чамасында болгон. Таксист болуп иштеген 27 жаштагы Авазбек «Тойота-Ист» автоунаасы менен Жалал-Абад шаарындагы Ленин көчөсүндө — борбордук базар тарапта токтоп турган. Ага 20-25 жаштар чамасындагы кардар кайрылып, Ош—Бишкек унаа жолундагы Сузак айлампасы тараптан Бишкектен салынган жүктү тосуп келүү үчүн жалдаган.

Жолдон жанаша отурган кардар айдоочуга бычак уруп, сол желкесине бир жолу, оң жак кулагынын жанына бир жолу, бетине бир жолу сайганга жетишкен. Айдоочу автоунаадан сыртка качып чыгып, жолдогу унааны токтотуп, бейтааныш адамдар аркылуу ооруканага жеткирилген. 

Ал эми шектүү Бишкекти көздөй жол тарткан, бирок Ош—Бишкек унаа жолунун Топурак-Бел аймагына жеткенде унаанын башкаруусун жоготуп, жол кырсыгына учураган. Ал жерге автоунааны таштап, өзү качып кеткен.

Аталган факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси (каракчылык) менен кылмыш иши козголуп, 26-октябрь күнү Сузак РИИБдин криминалдык милиция кызматы тарабынан Базар-Коргон районунун Кызыл-Ай айылынын 26 жаштагы тургуну кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

Шектүү алгачкы көрсөтмөсүндө окуя болгон күнү акчасы жок курсагы ачып, таксистти алдап, ээн таалага алып барып акчасын алуу максатында ушул ишке баргандыгын билдирген.