19.07.2018 15:41

Сузакта жоголгон 5 жаштагы кыздын денеси суудан табылды

Сузакта жоголгон 5 жаштагы кыздын денеси суудан табылды

Дайынсыз жоголгон 5 жашар кыздын жансыз денеси куткаруучулар тарабынан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.  

2018-жылдын 18-июль күнү саат 12:30 чамасында Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кара-Алма айылындагы  Жолдош-Ата эс алуучу жайында 2013-жылы туулган А.Х. аттуу кыз ойноп жаткан жеринен дайынсыз жоголгон. Бул тууралуу маалымат 20:40 чамаларында ӨКМге айтылган. Божомол боюнча дайынсыз болуп жаткан кыз Кара-Алма суусуна тушүп кеткен.

2018-жылдын 18-июль күнү издөө иштерине Сузак райондук ӨКБнүн башчысы полковник А. Карабековдун жетекчилигинде куткаруу топ чыгышып,туугандары менен биргеликте издөө иштери аткарылган, жыйынтык чыккан эмес.

2018-жыл 19-июль саат 06:00дө. издөө иштери уланган. Издөө иштерине 10 куткаруучу, Сузак райондук ИИБнин 5 кызматкери, туугандары, жалпысынан 23 адам издөө иштерине тартылган. Натыйжада 19-июль күнү саат 11:30 чамасында 2013-ж.т. А.Х. жансыз денеси болжол менен өзү жоголгон жерден Кара-Алма суусун бойлой 500 метр ылдый тараптан куткаруучулар тарабынан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.