02.04.2019 12:37

Свердлов райондук соту ЖЭБ боюнча кылмыш ишин кароого кенен зал берүүдөн баш тартты

Свердлов райондук соту ЖЭБ боюнча кылмыш ишин кароого кенен зал берүүдөн баш тартты

Свердлов райондук соту ЖЭБ боюнча кылмыш ишин кароого кенен имарат бөлүүдөн баш тартты. Бул туурасында жактоочу Нурбек Токтакунов социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

«Биздин ЖЭБди жаңылоо боюнча кылмыш ишин кароодо соттук отурумдун ачыктыгын камсыздаш үчүн ЖМК өкүлдөрүн, айыпталуучулардын туугандарын жана байкоочуларды батыра тургандай кенен зал берүү өтүнүчүбүзгө Свердлов райондук сотунун төрагасы баш тартты. Анын айтымында, бул процесстин башка катышуучуларына зыян келтирип, тараптардын тең укуктуулугун бузат экен. Таң калычтуу, мындан кантип тараптардын тең укуктуулугу бузулсун?» -дейт укук коргоочу.