21.10.2019 11:02

Свердлов РИИБ милиция кызматкери жол кырсыгына кабылып, каза тапты

Свердлов РИИБ милиция кызматкери жол кырсыгына кабылып, каза тапты

Бишкектин Свердлов РИИБ кызматкери жол кырсыгынан каза тапты, ал унаасын башкара албай, бакты сүзгөн. Бул туурасында күч түзүмдөрүндөгү булактарына таянып, Kaktus.media жазып чыкты. 

Кырсык бүгүн, 21-октябрда саат 6:00 чамасында болгон. Свердлов районунун кичи лейтенант наамындагы аймактык милиционери К.А. Hyundai Getz унаасында жумушуна бара жаткан.

Лебединовка айылында милициянын инспектору унаасын башкара албай калып, бакты сүзгөн. Чүй облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн К.А. алган жаракаттарынан өзүнө келбей каза тапкан. 

Бул факт боюнча учурда соттук-медициналык жана автотехникалык экспертиза дайындалды. Териштирүү башталды.