02.07.2018 14:53

«Тажик Эйр» авиакомпаниясынын учагы чукул конууга мажбур болду

«Тажик Эйр» авиакомпаниясынын учагы чукул конууга мажбур болду

Москвадан Хужанд шаарына учуп бараткан "Тажик Эйр" компаниясынын учагы шашылыш түрдө "Домодедово" аэропортуна конууга аргасыз болду.

Авиакомпаниянын маалымат кызматы билдиргендей, 2-июлда Boeing‐737 жүргүнчү учагы салондо жылчыктын пайда болушунан улам, аэропортко кайрылып келүүгө аргасыз болгон.

Орусиялык ММКлар учак Рязандын үстүндө учуп баратканда салондо жылчык пайда болгонун жазышты. Бортто 141 киши отурган. Жүргүнчүлөр жабыркаган жок.

"Экипаж аэропортко кайтып келүү чечимин кабыл алган. Белгилүү бир өлчөмдө күйүүчү май коротуу менен учак “Домодедово” аэропортуна ийгиликтүү конду", - деп билдирди Хужанд эл аралык аэропортунун маалымат катчысы Юсуф Маюсуфов.

Тажикстандын «Сомон Эйр» жана «Тажик Эйр» ири авиакомпанияларынын паркында америкалык Boeing жана орусиялык ТУ учактары бар.