28.02.2019 16:20

Таксиге түшүп кеткен бойдон жок. Чүйдө 42 жаштагы Сыдыкбекова Астра изделүүдө

Таксиге түшүп кеткен бойдон жок.  Чүйдө 42 жаштагы Сыдыкбекова Астра изделүүдө

Аламүдүн райондук Ички иштер бөлүмү 42 жаштагы Сыдыкбекова Астрага издөө жарыялайт. Ал 25-февралга караган түнү такси менен кеткен боюнча дайынсыз болууда. 

Анын жолдошу Эрлист Имеровдун милиция кызматкерлерине билдиргенине караганда,  жубайы түнкү саат 00:10 чамасында Көк-Жар айылынан такси менен Ысык-Ата районунун Сары-Жон айылына кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. 

Белгилери: бою 155-160 см, көздөрү-чачтары кара, кырдач мурун, бетинде сепкилдери бар. 

Кийими: кара жүн жакалуу кара болонья кездемесинен тигилген курткачан, тизесинен ылдый келген кызгылт түстөгү көйнөк, кара түстөгү лакталган өтүк. Ак таштары бар алтын жасалгаларын тагынган.

Өзгөчө белгилери: оң көзүндө меңи бар, ичинде операциядан (кесарево сечение) калган тырык бар. 

Кандайдыр-бир маалымат билсеңиздер, же Бул адамды көрүп калсаңыздар Бишкек шаары, Жибек-Жолу көчөсү 68 дареги боюнча, же 0312 36 35 23, 0552 22 06 92, 0704 31 25 05, 0550 34 33 63 номери аркылуу билдирип койсоңуздар.