21.05.2019 12:17

Тактала элек тилкедеги сарайдын айынан кыргыз-тажик чек арасында чатак чыга жаздады

Тактала элек тилкедеги сарайдын айынан кыргыз-тажик чек арасында чатак чыга жаздады

Баткен облусунун Карабак айылындагы Эски Мазар тилкесинде кыргыз жарандары менен тажик чек арачыларынын ортосунда пикир келишпестиктер орун алды. Бул туурасында Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 20-майда белгисиз адамдар кыргыз жарандарынын жумушчу шаймандары сакталган сарайдын эшигин талкалап кеткен. Сарай Тажикстандын  аймагындагы мамлекеттик чек аранын шарттуу сызыгынан 5-6 метр алыстыкта жайгашкан. Бул участоктун кимге караары тактала элек, бирок аны кыргыздар колдонуп келген. 

Кыргыздардын бузулган эшикти оңдоосуна тажик чек ара кызматынын өкүлдөрү тоскоолдук жаратып, окуяга  кыргыз чек арачылары аралашкан. Алар тажик тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин, коңшулар эшикти оңдогонго жана мындан ары кыргыз тараптын колдонуусуна макул болушкан. 

Тажик тарап өз чек арачылары менен, кыргыз тарап жергиликтүү эл арасында  түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнү айтылат.