01.05.2020 16:37

Таласта  гумжардамды ыйгарып алуу боюнча иликтөө башталды

Таласта  гумжардамды ыйгарып алуу боюнча иликтөө башталды

Талас шаарында республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражатка муктаж үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам таратуу боюнча сотко чейинки териштирүү жүрүп жатат. Жазык кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”  негизинде иш ачылган. Бул тууралуу  шаар мэри Айдар Жузупбеков “Азаттыкка”  билдирген.

Мэриянын маалыматы боюнча, өкмөт тургундарга гуманитардык жардам берүү үчүн Таласка 777 600 сом бөлгөн. Бул акчага азык-түлүк баштыктары чогултулуп, ар бир баштыктын баасы 800 сомду түзгөн. Жалпысынан 972 муктаж үй-бүлөгө азык-түлүк баштыгы чогултулган. Ар бир баштыкка ун, күрүч, шекер, май, буурчак жана башка азыктар салынган.

Азык-түлүк баштыктарынын салмагы кем чыккандыктан, мэр  жана мэриянын кызматкерлери уурдоого шектелип жатышат. Мэриядагылар жагдайга азык-түлүк сатылып алынган соода түйүндүн кызматкерлерин айыптап жатат. Мэрия Таластагы эң ири дүң соода дүкөнү менен минималдык баа боюнча сатып алуу тууралуу оозеки макулдашкан. Жети азык-түлүктөн турган топтомдорду өлчөп, таңгактоо иштерине дүкөн да жоопкерчилик алган.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары Талас шаарынын мэри Айдар Жузупбековго карата иликтөө башталганын жазышкан. Анда Жузупбеков муктаж үй-бүлөлөр үчүн бөлүнгөн каражаттардын бир бөлүгүн ыйгарып алуу иши боюнча көрсөтмө берип жатканы айтылган.

Мэр  УКМК иликтөө жүргүзүп жатканын тастыктады. Бирок кармабаганын жана азырынча көрсөтмө берүү үчүн чакырыла электигин белгилеген.

Маалыматтарга караганда Талас шаарынын калкы 60 миңдей адам, алардын 2,5 миңге жакыны жардамга муктаж.