08.10.2019 09:00

Таласта 16 жаштагы кызды алуу качуу боюнча тасманын чоо-жайы териштирилүүдө

Таласта 16 жаштагы кызды алуу качуу боюнча тасманын чоо-жайы териштирилүүдө

Таласта 16 жаштагы кызды алуу качуу боюнча интернетте тараган тасманын чоо-жайы териштирилүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, учурда видеодогу жарандардын аты-жөнүн аныктоо боюнча аракеттер көрүлүп жатат. Республика боюнча ала качуу фактысы катталганы же катталбаганы дагы текшерилүүдө. Бирок жашы жете элек кызды ала качып кетүү тууралуу арыз түшкөн эмес.

Буга чейин социалдык тармактарда 16 жаштагы кызды 35 жаштагы жигит ала качып келгени тууралуу тасма тараган. Анда көшөгөнүн артында жаш кызды күч менен кармап жаткан аялдарды жана той ырларын ырдап жаткан жаштарды көрүүгө болот.  Тасманын үстүндө окуя 6-октябрь күнү болгону жазылган. 

Эскерте кетсек, жаңы кабыл алынган Жазык кодексине ылайык кызды күч менен ала качкан адам 5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат. Ал эми өспүрүм кызды мажбурлап никеге тургузгандар 200 000 сом өлчөмүндө айыпка да жыгылат.