26.04.2018 09:29

Таласта болгон жол кырсыгынан 6 адам жабыркады

Таласта болгон жол кырсыгынан 6 адам жабыркады

Кечээ Тараз-Талас-Суусамыр унаа жолунун 52-чакырымында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМ билдирет.  

Министрликтин маалыматы боюнча «Мерседес-Бенц»  автоунаасынын айдоочусу рулду башкара албай калган. Унаа жол четине чыгып кетип, оодарылып түшкөн. 

Кырсыктан алты адам ар түрдүү жаракат алганы айтылат. Эки адам оор абалда ооруканага жаткырылды.