18.04.2019 16:06

Таласта полковник пара алып жаткан жеринен кармалды

Таласта полковник пара алып жаткан жеринен кармалды

Талас шаардык аскер комиссариатынын башчысы акча алып жаткан жеринен кармалды. Бул туурасында УКМКдан билдиришти.

Полковник Ж.А. паспортту кайтаруу жана арыздануучуну аскер комиссариатына каттоого коюу үчүн жергиликтүү тургундан 25 000 сом өлчөмдөгү акча каражатын талап кылган.

Кармоо иш-чарасы 15-апрелде Коопсуздук кызматы тарабынан жүргүзүлгөн. Материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесиндеги (опузалап пара талап кылуу) кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки териштирүүнүн негизинде кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.