21.12.2018 09:08

Таласта сержант жоокерди сабап, майып кылып салган

Таласта сержант жоокерди сабап, майып кылып салган

Таласта аскер бөлүктүн сержанты мылтыктын кундагы менен катардагы жоокерди сабап, жоокердин көзү көрбөй калган. Бул тууралуу 24.kg агенттиги укук коргоочуларга таянып, жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Нурдин Молдобаевдин ата-энелери бул окуя тууралуу эки айдан кийин гана угушкан. Бөлүктүн командирлери аларга дароо айтпай, ата-эне уулуна жолугууга келгенде да, анын сыркоолоп калганын айтып, жолуктурбай коюшкан. 

«Жоокер азыр ооруканадан чыкты. Көзүнүн көрүүсү калыбына келген жок. Нурдин Молдобаев майып болуп калды. Аскер прокуратасы жарым жыл өткөн соң гана кызматтык укуктарынан аша чабуу фактысы менен кылмыш ишин козгоду. Бирок, буга тиешеси бар сержантка эмес», — деп айткан «Кылым шамы» укук коргоо борборунун  жетекчиси Азиза Абдирасулова.

Ал ошондой эле, жогоруда айтылган сержант бир аз мурдараак Таластан Бишкекке келип, жабырлануучудан тосмо арыз жазып берүүнү суранып жатканын билдирди. Бул үчүн дарылануусун төлөп берүүнү убадалаган.  «Бирок, ал айтып жаткан жардамын бир жолу берет, жабырлануучу болсо эми ар дайым жардамга муктаж. Ал майып болуп калбадыбы», — деп билдирген  Азиза Абдирасулова.

Укук коргоо  борборунун юристтери учурда Аскер прокуратурасына арыз даярдап жатканы маалымдалат.