07.08.2018 13:18

Таластагы «өзгөчө кырдаал»: Тилсиз жоо казак тарапка да өттү

Таластагы «өзгөчө кырдаал»:  Тилсиз жоо казак тарапка да өттү

Таластын Алмалуу жайлоосундагы тоо этектеринен чыккан өрттү өчүрүү иштери улантылууда. Бул туурасында ӨКМден билдиришти.

Эскерте кетсек, 2018-жылдын 28-июлунда Талас облусунун Манас районунун Покровка айыл аймагынын Жайылган айылынын Алмалуу жайлоосунун тоо этектеринен өрт чыгып, ал бир жумадан кийин, 4-август күнү саат 15:40да толук өчүрүлгөнү маалымдалган.

Бирок 5-август күнү саат 17:00дө өрт кайрадан тутанган. Болжол менен жалпы 2000 га куураган чөп жана бадалдар күйгөн. Азыркы учурга карата ӨКМден, жергиликтүү тургундардан жана башка райондук мекемелерден кызматкерлерден тартылып, жалпысынан 496 адам иштеп жатат. Андан тышкары Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматовдун көрсөтмөсүнүн негизинде Жалал-Абад облусунан, Токтогул районунан Таш-Көмүр жана Каракол шаарларынан жалпы 60 куткаруучу даярдыкта турат. 

Өрт Казакстан менен чектеш аймакта жайгашкандыктан коңшу мамлекеттин аймагында да тутанып жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Казакстан Республикасынын Ички иштер министрлигине өрттү толук өчүрүүгө көмөктөшүү максатында кат жөнөтүлгөн. Учурда Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар департаментинен 83 кызматкер өз аймагында иш алып барууда.