02.07.2018 15:56

Талас-Тараз унаа жолунда жол кырсыгынын кесепетинен 2 адам каза болду

Талас-Тараз унаа жолунда жол кырсыгынын кесепетинен 2 адам каза болду

Талас-Тараз унаа жолунда жол кырсыгынын кесепетинен 2 адам каза болуп, 2 адам жаракат алды. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. 

2018-жылдын 2-июль күнү Талас облусунун Кара-Бура районундагы Талас-Тараз унаа жолунун 58-чакырымында (Бейшеке айылы) Ауди  жана Хонда Степ  үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Кырсык болгон жерде “Ауди” үлгүсүндөгү унаадагы 2 адам каза болуп (1955-ж.т. К. К, 1959-ж.т. А. М.), 7 жашар бала оор жаракат алып жандандыруу бөлүмүнө жеткизилген (аты- жөнү такталууда).

“Хонда Степ” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу оор жаракат (аты жөнү такталууда) алган. Куткаруучулар жаракат алгандарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришип, каза болгон адамдарды райондук өлүк сактоочу жайга жеткиришкен.