17.08.2018 14:09

Таластын Алмалуу жайлоосундагы өрт болгон жерлер кайрадан түтөп баштады

Таластын Алмалуу жайлоосундагы өрт болгон жерлер кайрадан түтөп баштады

Таластагы Алмалуу жайлоосунун тоо этектериндеги өрт болгон жерлер кайрадан түтөп баштады. ӨКМдин куткаруучулары абалды жеринде көзөмөлдөп жатышат. Бул туурасында министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

2018-жылдын 16-августунда Талас облусунун Манас районунун Жайылган айылынын Алмалуу жайлоосунун тоо этектериндеги (Казакстан Республикасы менен чектешкен аймак) мурунку күйгөн жерлер кайрадан түтөгөн. Жеринде 19 куткаруучу, токой чарбасынан 10 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 10 адам түтөгөн жерлерди өчүрүү иш-чараларын жүргүзүшкөн. Кеч киргендигине байланыштуу саат 20:30да иш-чара убактылуу токтотулган. Өрттүн жайылып кетүүсүнө жол бербөө жана байкоо жүргүзүү үчүн жеринде 6 куткаруучу нөөмөттө калышкан. 

Эскерте кетсек, бул аймактагы өрт биринчи жолу 28-июлда чыккан. 1-августта аймакка «өзгөчө кырдаал тартиби»  киргизилген. Бир жумадан кийин, 4-август күнү саат 15:40да өрт толук өчүрүлгөн. Бирок 5-август күнү саат 17:00дө өрт кайрадан тутанган. Өрттөнүп жаткан аймак  Казакстан менен чектеш жайгашкандыктан, жалын коңшу мамлекеттин аймагына да өткөн. Тилсиз жоо 7-август күнү саат 21:30да чектөөгө алынып, 8-август күнү өрттү өчүрүү иш-чараларына жалпы 513 адам тартылган. Ал эми Казакстандын аймагындагы өрттү өчүрүүгө  жалпы 177 адам жана 1 тик учак  катышкан. 

10-августта Алмалуу жайлоосунун Туюк-Төр сайынын күңгөй тарабынан кайрадан өрт чыккан. 12-август күнү тартылган күчтөрдүн жардамында өрт саат 20:30да өрт толугу менен өчүрүлгөн болчу.