07.05.2020 10:42

Тамада Эрнест Бөрүбаев министрге коомдук кеңешчи болуп дайындалды

Тамада Эрнест Бөрүбаев министрге коомдук кеңешчи болуп дайындалды

Тамада Эрнест Бөрүбаев эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин коомдук кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу тамада өзүнүн Фейсбуктагы баракчасында билдирди.

“Бүгүн министр Улукбек Кочкоров агабыз чакырып, Ардак грамота тапшырды жана бул жумушуңду токтотпо деп “Министирдин коомдук кеңешчиси” деген күбөлүк тапшырды, Улукбек ага сизге чоң рахмат! Мен үчүн күтүлбөгөн сыйлык болду кубанычтамын. “Апам Жана Мен” ыктыярдуу топтун биринчи сыйлыгы”,- деп жазып чыкты Эрнест Бөрүбаев.

Белгилей кетсек, Эрнест Бөрүбаев учурдагы Кыргызстандагы болуп жаткан кырдаалдан улам өлкөдө карантин жарыяланганына байланыштуу, күнүмдүк жашоосунда кыйналып, муктаж болуп жаткан адамдарга жардам берип келет.