26.10.2018 16:32

Тамчы айылында музыканы катуу укканы үчүн киши сабагандар үй камагына чыгарылды

Тамчы айылында музыканы катуу укканы үчүн киши сабагандар үй камагына чыгарылды

Ысык-Көл облусунун Тамчы айылында музыканы катуу укканы үчүн 25 жаштагы жигитти сабаган  Заманбек менен Ислам үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди бүгүн, 26-октябрда Ысык-Көл райондук соту кабыл алганын облустук милициядан билдиришти.

Эске сала кетсек, 16-октябрда райондук милицияга Кароол-Дөбө айылынын тургуну, 25 жаштагы С. уулу Элдос кайрылган. Ал Тамчы айылынын 3 тургуну аны сабап кеткенин билдирген.

Жабырлануучунун айтымында, Бишкекке кеткен агасынын үйүн карап, 1-октябрдан бери Тамчы айылында жашап аткан. 15-октябрдан 16-октябрга караган түнү болжол менен түнкү саат 2:00дө Элдос колонка аркылуу уюлдук телефонунан музыка угуп жаткан. Ошол маалда айылда жашаган Заманбек, Алеш жана аты азырынча белгисиз бир бала үйдүн терезесин тыкылдаткан. Эшикке чыккан Элдосту мас абалындагы балдар музыканы катуу угуп жатасың деген шылтоо менен сабап коюшкан. Алар кеткенден кийин жабырлануучу үйүнө кирип уктаган. Эртең менен бул тууралуу апасына кабарлап, анан райондук милицияга барган. 

Аталган факт Ысык-Көл райондук ИИбде каттоого алынып, жабырлануучуга соттук-медициналык экспертизадан өтүүгө багыттама берилген. Жигитти сабагандар кармалып, алар Тамчы айылынын 26 жаштагы тургуну С.уулу Заманбек жана 25 жаштагы М. уулу Ислам болуп чыккан. Шектүүлөр өз күнөөлөрүн моюндарына алышкан.  

23-октябрда бул факт боюнча 234-берене (бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон. Бүгүн сотто аларга баш коргоо чарасы катары үй камагына чыгаруу чечими кабыл алынды. 

Териштирүү жүрүүдө.