09.08.2018 12:03

Тамчы айылындагы тоодон сөөгү табылган адам өзүн-өзү өлтүргөн

Тамчы айылындагы  тоодон сөөгү табылган адам өзүн-өзү өлтүргөн

Ысык-Көл облусунун Тамчы айылы тараптагы тоодон төшүнө ок жеп каза тапкан эркек кишинин сөөгү табылды. Бул туурасында April.kg порталына облустун ИИБинен билдиришти.  

Маалыматта айтылгандай, кечээ, 8-августта болжол менен 20:50 чамасында милицияга Тамчыдагы тоолордо 45-50 жаштагы эркек кишинин денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Милиция кызматкерлери денеден октун изин табышкан. Сөөктүн жанынан ичинде бир огу бар мылтык жана гильза табылган. 

Ошондой эле, ал жерде азык-түлүк салынган капп жана кийим салынган рюкзак жаткан. Сөөктөн алыс эмес жерде бир нече жылкы жүргөн. Эркек киши алардын биринде бул жерге чейин келгени айтылат.

Бул факт өзүн-өзү өлтүрүү катары бааланып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Кишинин өздүгү такталууда. Өлүмдүн себебин текшерүү жүрүп жатат.