30.04.2019 16:48

Тарбиячылардын кайдыгерлиги. Бишкекте кызы бала бакчадан качып кеткен жаран милицияга кайрылды

Тарбиячылардын кайдыгерлиги.  Бишкекте кызы бала бакчадан качып кеткен жаран милицияга кайрылды

Бишкектеги «Маша и Медведь» жеке менчик бала бакчасынан бүгүн саат 11:00дө жети жаштагы кыз качып кетти. Бул туурасында April.kg порталына кыздын атасы Марат Искандаров билдирди.

Анын айтымында, кызды эртең менен бала бакчага жеткиришкен. Балдар менен ойноп жатып, ал шкафка кирип алган. Тарбиячы кызды ал жактан чыгарып, «ашканада пияз аарчытып коем» деп коркуткан. Жазадан кутулуу үчүн кыз качып кетүүнү чечкен. 

Болжол менен саат 11:00 чамасында ал өз алдынча бала бакчадан чыгып кетип, 3 кварталды басып өтүп, Гагарин жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинен апасы иштеген жерге - Тойгонбаев менен Адышев көчөлөрүнүн кесилишине  барган. Атасынын айтымында, «жаан жаап жатканда кичине кыздын жука кофта жана лосиначан, жалгыз кетип жатканына эч ким көңүл бурган эмес».

«Бала бакчанын аймагы тосулган, бирок дарбазасы ар дайым ачык. Каалаган киши каалаган убагында кирип - чыга берсе болот. Мен бала бакчага чалып, кызым үйдө экенин айттым. Алар кайра мага: чоңоюп эле калган кыз өзү кийине албайбы? дешти», - деп билдирет Марат Искандаров.

Атасы тарткан тасмада бала бакчанын кире беришинде күзөт жок экени, имараттын ичине ээн-эркин кирип кетсе болоору көрүнүп турат. Чыкканда да эч тоскоолдуксуз чыгып кеткен.

«Бул жактан бала уурдап кетсе деле эч ким билбей калчудай», - дейт нааразы шаар тургуну.

Марат Искандаров бул факт боюнча милицияга арыз жазганын билдирди.