Тарых музейинин таштары эмне болду?

Тарых музейинин таштары эмне болду?

Өлкөнүн эгемендик күнүндө ачылат деп жылда айтылып келген борборубуздагы Тарых музейи жакында ачылчудай эмес окшойт. Бул аптада андагы мрамор жана гранит таштары уурдалып кеткен кептер айтылып, кызуу талкууга алынды. 

Өткөн аптада дал ушул граниттер, музейдин реконструкциясы боюнча жооптуу чиновниктерди Жогорку Кеңеште "Ата-Мекен" фракциясы чогултуп, териштирүү аракетин көрдү. Бирок, ачыгын айтканда, майнап чыккан жок. Чакырылган өкмөт өкүлдөрү депутаттардын суроолоруна оңдуу жооп беришкен жок. Баягы эле эл билген нерселерди айтып тим болушту. Териштирип жатабыз, эсептелүүдө, андай болгон эмес деген сөздөр. Бул арада музейдин курулушуна катышкан куруучулар мрамор-гранит таштар өз ордунда, эч ким ташып кеткен эмес деп чыгышты. Анда музейдин сыртынан сыйрылып алынган таштар каякта? Бул суроого курулушчулардын жообун кабарчыбыз Айнура Исмаилова угуп келди.