Тарых музейинин татаал чыры

Өткөн жумадагы талкуу жараткан окуя Мамлекеттик Тарых музейинин таржымалы болду. План боюнча,  кыргызстандыктар 31-август күнү Тарых музейинин босогосун аттап, жаңыланган имаратка таң беришмек.

Иш жүзүндө көпчүлүк оозун ачып таң калды – болгону заманбап имаратка эмес, ичиндеги ийгиликсиз сатып алууларга. Мисалы, жылкы баласына эмес, күчү адал, эти арам жаныбарга түспөлдөшүп кеткен эки атты 28 миң еврого сатып алышкан. Тишелүү адамдар бул интеллектуалдык эмгек экенин айтып, искусствонун баасы ушундай кымбат болот дешти. Бирок ишенген киши болгон жок.