Тармактык комитет Өкмөттүн өткөн жылдагы аткарган ишин канааттандыраарлык деп тапты
Бүгүн Жогорку Кеңештин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдагы ишинин отчетун карады.
Аткарылган иштер тууралуу баяндама жасаган вице-премьер-министр Санжар Муканбетов Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттер менен болгон товар жүгүртүүнүн көлөмү 16%га көбөйгөнүн белгилеп, көрсөткүчтөр эл аралык деңгээлде да 1,5%га жогорулатылганын кошумчалады.
Андан тышкары, айыл чарба тармагына өзгөчө көңүл бурулганын айткан вице-премьер-министр “Айыл-чарбасын каржылоо – 5” долбоорунун алкагында мамлекет тарабынан 530 млн. сом жумшалганын билдирди.
Жыйын соңунда бир катар суроолорго жооп алган комитет мүчөлөрү, Өкмөттүн өткөн жылдагы аткарган иштерин канааттандыраарлык деп тапты.
Ошондой эле бүгүнкү жыйында Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан демилгеленген Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушу да колдоого алынды.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: