29.07.2019 11:41

Таш-Дөбөдө 9 жаштагы кызды үйдө колун байлап кармаган учур аныкталды

Таш-Дөбөдө 9 жаштагы кызды үйдө колун байлап кармаган учур аныкталды

Аламүдүн районунун Таш-Дөбө (мурунку Воронцовка-ред.) айылында 9 жаштагы кызды үйдө колун байлап кармаган учур аныкталды. Бул туурасында Чүй облустук ИИББдан билдиришти.

Кыз «Өспүрүм» аталышындагы рейд учурунда табылган.  Анын 69 жаштагы таенесинин айтымында, үйүндө 41 жаштагы кызы жана 9 жаштагы небереси менен чогуу жашап келишкен. Кийин кыздын апасы Бишкекке иштегени кетип, ошол боюнча келген эмес. Небереси үйдөн качып, таенесин укпай баштаганда, ал башка небересине кызды колунан байлап коюуну тапшырган.  Ал эми, атасы 8 жыл мурун каза болгону айтылат.

Аталган факт бирдиктүү реестрге катталып, кыз 6 айга Бишкектеги Балдарды коргоо борборуна жайгаштырылды.