«Ташкент-Балыкчы-Ташкент» темир жол каттамы ачылды
«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы менен «Узбекистон темир йуллари» АКсы Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин көмөгү менен «Ташкент-Бишкек-Балыкчы-Бишкек-Ташкент» темир жол каттамын жандантышты.
22-мартта Ташкенттин темир жол вокзалында өзбек тарап поездди салтанаттуу түрдө узатышты. Иш-чарага элчиликтин өкүлдөрү катышты.
Поезд Бишкекке 23-мартта Бишкек убактысы боюнча 19.03тө келет, ушул эле күнү саат 23:30да Балыкчыда болот. Поезддин кайра артка кайтуусу 24-мартка пландалган.
Поезд жумасына бир ирет жүрүп турат. Ташкент шаарынан бейшемби күндөрү чыгып, Балыкчыга жума күнү жетет. Балыкчыдан ишемби күнү жолго чыгып, жекшемби күнү Ташкентте болот.
Билет наркы:
плацкарта - 2 500 сом;
купе - 3 378 сом,
вагон люкс - 6 432 сом.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: