09.05.2018 15:30

Ташкентте 9-майга карата өзгөчө салют атылат

Ташкентте 9-майга карата өзгөчө  салют атылат

Өзбекстан Коргоо министрлиги 9-май күнү уникалдуу салют атылаарын билдирди. Маалыматтарга караганда, жалпысынан 42 фейерверк атылат. Бул үчүн бардык техника жана жабдуулар даяр. Салют 21.00дө “Навруз” улуттук паркында болот.

Иш-чара Эскерүү жана Кадырлоо Күнүнүн алкагында өтөт. Быйыл Экинчи дүйнөлүк согуш учурундагы маанилүү салгылаштарды, окуяларды чагылдырган инсталляция уюштурулат. Ошол жылдардагы ырлар жаңырып, майрамдык дасторкон даярдалат.

Ташкенттин көчөлөрү жана борбордук аянты майрам алдында Эскерүү жана Кадырлоо Күнүнө карата кооздолду. Ошол эле маалда республика боюнча Экинчи дүйнөлүк согуш учурунан берки аскер техникалары көрсөтүлүүдө.