27.09.2018 09:00

Таштанды чыгарган адам капка салынып, ыргытылган ымыркайды сактап калды

Таштанды чыгарган адам капка салынып, ыргытылган ымыркайды сактап калды

Таштанды чыгарган адам капка салынып, ыргытылган ымыркайды сактап калды. Бул туурасында The Daily Mail гезити жазып чыкты. 

Окуя 24-сентябрь күнү Филиппин аралдарындагы Лапу-Лапу шаарында болгон. Таштанды тазалаган адам капты өзүнүн унаасына ыргытайын деп жатканда, андан баланын ыйы угулган.

Жерине чакырылган медицина кызматкерлери баланы райондук ооруканага жөнөтүштү. Ал жакта ымыркайдын төрөлгөнүнө эки гана күн болгону аныкталды.

Каптан баладан сырткары кыздардын мектепке кийүүчү формасы жана кан болгон шым табылган. Шаарда мындай форманы 7-10-класстын окуучулары кие турганы белгилүү болду, демек, ымыркайдын апасы 12-16 жашта.

Полиция бул окуяны териштирмекчи. Бул убакта баланы асырап алууну каалагандар четинен чыгып жатат.