04.07.2018 10:38

Тайландда 9 күн мурун жоголгон балдар үңкүрдөн табылды. Бирок, аларды чыгаруу оңой эмес

Тайландда 9 күн мурун жоголгон балдар үңкүрдөн табылды. Бирок, аларды чыгаруу  оңой эмес

Тайландда 9 күн мурун жоголгон он эки өспүрүм машыктыруучусу менен аман-эсен табылды. Алар бул күндөрүн үңкүрдө өткөрүшкөн. Балдар жоголгон провинциянын губернатору издөө операциясынын ийгиликтүү аяктаганын жар салды. Буга чейин издөө иштерине үңкүрлөрдү сууга толтуруп, тынбай жааган жаан тоскоол болгон эле. Мындан улам, куткаруу иштерине суучулдар да тартылган.

Балдарды биринчилерден болуп британиялык дайверлер  Джон Волантен менен Рик Стэнтон аныкташты. Волантендин жанында видеокамера болгондуктан, ал учурду тасмага түшүрүп калган. Тогуз күндөн бери үңкүрдөн чыга албай камалып турган балдар суучулдарды көргөндө көздөрүнө жаш алышты. 

Балдар табылган менен аларды суу толгон үңкүрдөн чыгарып кетүү оңойго турбайт. Андыктан, аларды алгач тамактандырып алуу зарылбы, же дароо эле куткаруу операциясын башташ керекпи деген маселе жаралды.  Адистердин айтымында, эки иш тең оор болушу мүмкүн. Эгер балдар турган үңкүргө чейин суу алды менен жетүү татаал болсо, тамак жеткирүү иши да оорлойт. Ал эми, дароо сыртка чыгаралы дешсе,  мурун-кийин суу алдында жүрүп көрбөгөн балдарга үңкүрдүн оозуна чейинки аралыкты сүзүп өтүү оор болот.  

«Эгер маршрут татаал болсо, аларга азык-түлүк жеткирүү дагы оордошот, ал эми балдарды үнкүрдөн чыгаруу тобокелдиги бир нече эсеге жогорулайт», - дейт эксперт.  

Азыр үңкүрдөн сууну сордуруп жатышат. Жакынкы күндөрү өспүрүмдөр менен машыктыруучуга суучулдар менен дарыгерлер жиберилет. Алар балдар үңкүрдөн чыгууга аракет кылып көрүүгө даярбы-жокпу текшеришет.

Ал эми үңкүрдүн оозунда тигилген лагерде балдардын табылганын майрамдап жатышат. Анткени, 9 күндөн бери издөө иштери натыйжасыз болуп, балдардын тирүү табылышынан үмүт үзүлүп бараткан эле.

11-16 жаштагы өспүрүмдөрдөн жана 25 жаштагы машыктыруучудан турган топ 23-июнда Кхао Луанг үңкүр комплексине саякатка кетишип, алар бойдон дайынсыз жоголгон.  Аларды издөөгө армиядан, полиция, ыктыярчылардан жана ар кайсы өлкөдөн келген куткаруучу адистерден  турган -  баш-аягы миңден ашык адам тартылган.