09.07.2018 14:24

Тайландда суу толгон үңкүрдө камалып калган балдарды куткаруу иши токтотулду

Тайландда суу толгон үңкүрдө камалып калган балдарды куткаруу иши токтотулду

Тайландда суу толгон үңкүрдө камалып калган балдарды куткаруу иши токтотулду. Бул туурасында  Lenta.ru билдирди. 

Куткаруу операциясын жүргүзгөн штабдан үңкүрдө кычкылтектин камылгасы азайып кеткендиктен, ал кайра толуусу үчүн операцияны аз дегенде 10, эң көп дегенде 20 саатка токтотушканын билдиришкен. 

Куткаруучулар буга чейин 4 баланы жер үстүнө чыгарышкан. Алгач эң алсыздары  куткарылып,  дароо ооруканага жеткирилген. Басылманын маалыматына караганда, куткаруу операциясына 90 суучул тартылса, алардын элүүсү - чет элдик адистер. 

The Independent жазгандай, балдар үңкүрдөн чыгыш үчүн 2,5 милге жакын аралыкты сүзүп өтүшү керек. Караңгыда, үнкүрлөрдүн ортосундагы кууш өтмөктөр менен мынча аралыкты сүзүп өтүү балдарга эмес, тажрыйбалуу суучулдарга да оор экени айтылат. 

Азыр окуучулар үңкүрлөрдүн бириндеги – аянты 10 чарчы метрден ашпаган секичеде  отурушат. Жакын арада аймакта катуу жаан-чачын күтүлүп жатканы айтылат, андай болсо, балдар отурган аянт дагы кичирейет. 

Өлкөнүн түндүгүндөгү Чианграй провинциясындагы куткаруу иш-чаралары кечээ, 8-июлда таң эрте  башталган. Үңкүрдүн түпкүрүндөгү балдарга 13 суучулдан турган топ кеткен. Биринчи балдар үнкүрдөн кечке жуук  гана чыгышкан. 

Эскерте кетсек, 11-16 жаштагы 12 бала футбол боюнча машыктыруучусу менен 23-июнда Тхам Луанг үңкүр комплексине саякатка кетишкен. Алар үнкүрдө экенде катуу жаан жаап, үңкүрдүн ичи сууга толуп калгандыктан, кайра чыга албай калышкан.

Аларды издөөгө  баш-аягы миңден ашык адам тартылган. 10-күн дегенде гана, үнкүрдүн суу жетпей калган секичесинде отурган балдарды британ дайверлери  Джон Волантен менен Рик Стэнтон аныкташкан эле.

Куткаруу операциясынын татаалдашына Тайландда жаан-чачындар мезгили башталганы тоскоолдук жаратууда. Ошондой эле, балдардын айрымдары сууда сүзгөндү билбей турганы такталган.