10.07.2018 18:12

Тайландда үңкүрдөгү балдарды куткаруу операциясы ийгиликтүү аяктады

Тайландда үңкүрдөгү балдарды куткаруу операциясы ийгиликтүү аяктады

Тайландда суу толгон Кхао Луанг үңкүрүндө камалып калган балдарды жана машыктыруучусун куткаруу операциясы ийгиликтүү аяктады. Бул туурасында Spring News телеканалы билдирди.

Эң акыркы бала менен куткаруучу чыгарылганы тууралуу расмий билдирүү биздин убакыт боюнча 17:40та жасалды. Учурда жер алдында балдарды текшерүү үчүн жөнөтүлгөн дарыгер жана 3 суучул калды. 

Өспүрүмдөр дароо дарыгерлердин кароосунан өтүүгө жиберилди. Алар кандай абалда экени тууралуу азырынча эч нерсе айтылбай эле.  Жакын арада аларды алгач тез жардам кызматынын унаасы менен, анан тик учакта ооруканага жеткиришет.  

Бүгүнкү куткаруу операциясына жүздөн ашуун адам тартылганы айтылат. 3 күндөн бери дүйнө жүзү Тайланддагы суу толуп калган үңкүрдөн 12 баланы жана алардын 25 жаштагы машыктыруучусун куткаруу иш-чарасына көз салып турушту. 

Балдар 23-июнда Кхао Луанг үңкүр комплексине саякатка кетишип, ошол бойдон 10 күн дегенде табылган. Аларды издөөгө армиядан, полиция, ыктыярчылардан жана ар кайсы өлкөдөн келген куткаруучу адистерден  турган -  баш-аягы миңден ашык адам тартылган.